samsung WC2608 — Samsung WC2608 MON Warranty Card & User Guide PDF

КЫМБАТТУУ САТЫП АЛУУЧУ! кайрылып же www.samsung.com сайттан биле аласыз. Эгерде буюмду колдонуу же иштетүү боюнча суроолор пайда болсо, Сизге Samsung фирмасынын ыйгарым укуктуу Тейлөө Борборлоруна кайрылууну сунуштайбыз. “Samsung Electronics Co., Ltd.” («Самсунг Электроникс Ко., Лтд.») компаниясы, Samsung ѳнүмдѳрүн чыгарган Samsung Electronics тобунун башкы компаниясы (мындан ары текст боюнча – “Ѳндүрүүчү”), жайгашкан дареги: 129, Самсунг-ро, Енгтонг-гу, Сувон шаары, Кёнги- до, Корей Республикасы, 13.01 1969-жылы Сувон шаарынын райондук сотунун Чыгыш каттоо бѳлүмүндѳ катталган (катталуу №000905), Сиздин тандооңуз үчүн терең ыраазычылык билдирет.

Бул буюм Сиздин талабыңызга жооп бере алышына жана анын сапаты дүйнөлүк стандарттарга ылайыктуу болушуна бардык күчүбүздү жумшадык. ОБРАЗЕЦ «Самсунг Электроникс Ко., Лтд.» тарабынан Кыргыз Республикасына жибериле турган бардык товарлар, Кыргыз Республикасынын шарт­тарында пайдалануу үчүн чыгарылат жана ал буюмдар менен калыптарда тийиштүү расмий белгилер коюлат. Түшүнбөстүктөргө кабылбас үчүн пайдалануучуга арналган Көрсөтмөнү кылдаттык менен окуп чыккыла, кепилдик милдет шарттарына көнүл буруп, кепилдик талондун туура толтурулушун жана жеткирелген комплектисин текшергиле. Буюмду сатуу колдонулуп жаткан мыйзамдардын талаптарына туура келиши керек.

Кепилдик талону төмөнкүлөр так жана туура жазылган учурда гана жарактуу деп саналат: буюмдун модели, буюмдун сериялык номери, сатылган күнү, сатуучу-фирманын так окулган мөөрү, сатуучунун кол наамы. Буюмдун модели жана сериялык номери кепилдик талондо көрсөтүлгөн моделге жана сериялык номерге шайкеш келиши зарыл. «Самсунг Электроникс Ко., Лтд.» тиричилик техникасына пайдалануу эрежесин сактаганда 7 жыл, телевизор, монитор, буу сордургучтар, аудио, видео техникалар – 5 жыл, уюлдук телефондор, планшеттер, модемдерге, проекторлорго – 3 жыл кызмат кылуу мөөнөтүн белгилейт. Эгерде буюмду пайдалануу көрсөтмөсүндө башка чектөө белгиленбесе кызмат мөөнөтү буюм даярдалган күндөн баштап эсептелет.

Буюмду сактоо жана ташуу даярдоочунун өздүк оригиналдуу упаковкасында жана манипуляциялык белгилерге (эгерде алар көрсөтүлгөн болсо) туура келген абалда ишке ашырылышы керек. Упаковкага нымдуулуктун таасир этишине жол бербегиле. Буюмду колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин Даярдоочу профилактикалык иштерди өткөрүү, буюмду утилизация маалыматын алуу жана андан ары анын туура эмес иштөөсүнө же иштебей калуусуна мүмкүнчүлүк бербей коопсуз пайдалануу боюнча сунуштарды алуу үчүн Ыйгарым Укуктуу Тейлөө Борборуна (ЫУТБ) кайрылууну сунуш кылат .

Аталган шарттар бузулган учурда жана кепилдик талонунда көрсөтүлгөн маалыматтар өзгөртүлсө, өчүрүлсө же кайра жазылса, анда кепилдик талону жараксыз деп саналат. Бул жагдайда, кепилдик тейлоо кызматын алыш учун, фискалдык же башка документтерди корсотуу сунушталат. Эгерде, сатуу күнүн аныктоого мүмкүн болбосо, анда Кыргыз Республикасынын кардарлардын укугун коргоо мыйзамына ылайык, кепилдик мөөнөтү буюм өндүрүлгөн күндөн баштап эсептелет.

Ыйгарым укуктуу тейлөө борборлорунун (ЫУТБ) даректерин жана телефондорун сиз «Samsung бирдиктүү колдоо кызматына» Кардарлардын укугун коргоо мыйзамы белгилеген өндүрүүчүнүн күнөөсү боюнча буюмдун жетишпегендиктери аныкталса, кардарлардын талабына жооп берүү боюнча милдеттерди берилген 42