samsung WC2608 — Samsung WC2608 MON Warranty Card & User Guide PDF

к) эгерде бузулуш (кемчилик) тышкы азыктануу, кабелдик, телекоммуникациалдык тармактардын, радиосигналдын кубаттуулугунун техникалык регламентин сактобоодо, анын ичинде рельефтин өзгөчөлүгү жана ушундай сыяктуу сырткы факторлордон, буюмду тармактын аракеттенүү аймагынын чегинде же тышкары колдонууда, буюмга башка туура келбеген же бузулган сырткы жабдууларды кошуудан улам келип чыкса; л) эгерде бузулуулар стандарттык эмес (нускасы эмес) жана (же) сапаттуу эмес (бузулган) сарпталуучу материалдарды, нерселерди, кошумча бөлүктөрдү, азыктандыруу элементтерин, ар кандай түрдөгү маалымат ташуучуларды (аудио – видео кассеталарды, CD, DVD дискаларды, эс тутум карталарын, SIM карталарын, картридждерди кошкондо) пайдалануунун эсебинен пайда болсо; м) эгерде бузулуулар пайдаланууга жат болгон контенттерди (обондорду, графикалык, видео жана башка файлдарды, Java тиркемелерин жана ушуга окшогон программаларды) кабыл алуу, орнотуу жана колдуунун эсебинен пайда болсо; н) эгерде маркалоо этикеткасындагы маалыматтар оңдолсо же өчүрүлсө жана буюмда маркалоо этикеткасы жок болсо; ң) эгербекитилбеген профессионалдык дисплей коргоочу куту (LFD) колдонулса; o) буюмга байланыштуу ар кандай нускама же ээсинин нускамасында камтылган эксплуатациялоо же тейлөө нускамаларын аткарбоодон келип чыккан ар кандай зыян.

6. Бул азыкты өнөр жайлыка жана бизнес-чөйрөгө пайдаланууга тыюу салынат, жана кийинки чектөөлөр кирет: пайда же материалдык пайда көрүү боюнча колдонуу, ачык тартуулаган клубдарында, бар жана ресторандарда, же кандай болбосун коммерциялык пайдалануу үзгүлтүксүз же атайылап узак чагылдыруу жаңылык билдирүүлөрдө, статикалык же белгиленген дек сүрөттөр сыяктуу, ошондой эле 4:3 форматында сүрөттөр же кара тилкеге туруктуу видеоконтент менен (ТВ; Монитор). 7.

Документациясында жазылган жана буюмдун тиркемесинде белгиленген орнотуу, кабылдоо үчүн келтирүүү (чогултуу, кошуу ж.б.) иштери кардар тарабынан жана Сервистик Борбордун, сатуучу- фирмалардын тийиштүү адистери тарабынан акы алуу негизинде аткарылат. Мындай учурда буюмду орноткон адис же уюм буюмду туура орнотуп туташтырылганына жооп берет. ОБРАЗЕЦ Буюм жакшы иштеши жана аны акысыз сервистик тейлөө үчүн анын туура орнотулушуна көңүл бурууңузду суранабыз. 8. Уюлдук телефондун же башка санариптик орнотомолордун эстутумуна резервдик көчүрмөнү маалыматтын сырткы ташуучусуна аткарууңузду суранабыз. 9.

Буюмду орнотуу, колдонуу шарттарын жана эрежелерин туура аткарбагандыктан, кардардын (сатып алуучунун), үчүнчү тараптардын атайын же байкоосуздан кылган аракеттеринен улам Samsung өндүрүмү тарабынан адамдарга, үй жаныбарларына, буюмдарга келтирилген зыянга «Самсунг Электроникс Ко., Лтд.» жоопкер болбойт. Ошондой эле Samsungдyн тийиштүү өндүрүмү сырткы кийлигишүүнүн айынан өзгөртүүгө, бузулууга дуушар болсо, маалыматты жана берилгендери жоготууга учураса «Самсунг Электроникс Ко., Лтд.» келтирилген зыянга жооп бербейт. ӨНДҮРҮҮЧҮНҮН КОШУМЧА МИЛДЕТТЕРИ Өндүрүүчү белгилүү бир запастык бөлүктөргө (Өндүрүүчүнү катасы үчүн бузулган учурда тетикти акысыз берүү) кошумча 45